Ыктыярчылар жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөй турган болду

10 сентября 2020 12:57 451 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетинин күчөп турган маалында бейтаптарды обсервацияга жана ооруканаларга жеткирүү учурунда жол эрежесин бузган ыктыярчыларга салынуучу айып пулдар жокко чыгарылат. Бул тууралуу ыктыярчылар кыймылын башчысы Валерия Сыдыгалиева билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, ыктыярчылар жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ири өлчөмдө айып пул төлөөгө мажбур болуп жаткандыгын кабарлаганбыз.

 Бул маалымат ММКларга  жарыялангандан кийин, мамлекеттик органдар иштей баштаган. Тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын мониторинг борборуна дарыгерлерге ыктыярчылар жардам бергендигин тастыктаган коштомо кат жөнөткөн.

Жыйынтыгында бейтаптарды обсервацияга жана ооруканаларга жеткирүү учурунда жол эрежесин бузган ыктыярчыларга салынуучу айып пулдар жокко чыгарылды.

"Бизге алгач маселени чечебиз деп убада беришкен, бирок кийинчерээк бизден ар бир бейтапты ташыган учурда күбөлүк алышыңар керек болчу дешти. Бирок андай күбөлүктү эч ким бербейт, ал табиятта жок. Биз коңгуроо какканда, акыры мамлекеттик органдар дүрбөлөңгө түштү. Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясына биздин ыктыярчылар чындыгында дарыгерлерге жардам берди, бейтаптарды алып келип жатышкан деген кат жөнөттү", - деди Сыдыгалиева.

Ссылка: https://barometr.kg/covid-19-menen-oorugandardy-tashygan-yktyyarchylarga-zhol-kyjmylynyn-erezhelerin-buzgandygy-chn-ajyp-puldar-zhokko-chygarylat



Добавить комментарий