COVID-19: Кыргызстанга чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн

2 июля 2021 12:36 2178 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызстандагы эпидемиологиялык жагдай тездик менен начарлап жатат. Азыркы убакта жергиликтүү бийлик органдары тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарыл болсо чектөө чараларын киргизебиз”, - деп айтты Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ал Кыргызстанга жакын арада 1 миллион 250 миң доза Кытайдын вакцинасы келе турганын белгиледи.

“Ошондуктан калкты эмдөө процессин тездетишибиз керек. Көп адамды эмдөө абдан маанилүү. Бишкектеги эмдөө пункттарынын ишин күнү-түнү жүргүзгөндөй кылып камсыздоо зарыл. 

Мындан тышкары эмдөө пункттары супер маркеттерде жана дарыканаларда ачылууга тийиш”, - деп айтты Бакашева.

 

Ссылка: https://barometr.kg/covid-19-kyrgyzstanga-chekt-charalary-kirgizilishi-mmkn



Добавить комментарий