COVID -19: Индияда бир суткада 10миңге жакын адам вирус жуктурду

5 июня 2020 13:21 976 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөнүн кээ бир мамлекеттеринде коркунучтуу илдет тездик менен жайылып жатса, кээ биринде оорунун басаңдаганы байкалууда:

Фиджи Республикасында коронавирус илдети менен ооругандар айыкты. Баардыгы болуп 18 учур катталып, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Индияда абал күндөн күнгө курчуп бара жатат. Бүгүнкү күнгө карата 9,8 миң адам катталып, жалпы 226 миң 770ти түздү. Обсервацияда - 110 миң 960, айыккандар- 109 миң 461, каза болгондор – 6 миң 348.

Ал эми Япония 2021-жылдын биринчи жарымында коронавируска каршы эмдөөнү пландап жатат. Ага мамлекеттин казынасынан 1,3 миллиард доллар бөлүнгөн.

Ураинада бир суткада 553 адам илдетке чалдыкты. Жалпы 25 миң 964 түзүп, 330у сакайып, 15 адам каза болду.

COVID-19 илдети пайда болгон Ухандын ооруканаларында коронавирус менен ооругандардын баары айыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/covid-19-indiyada-bir-sutkada-10mige-zhakyn-adam-virus-zhukturdu



Добавить комментарий