НТС каналынын башкы директору: “Биз аягына чейин өзүбүздүн укугубузду коргойбуз”

20 декабря 2017 13:28 934 Barometr
Поделиться в:
ok

НТС телеканалы өз укугун аягына чейин коргоп, жагдайга жараша аракет жүргүзөт. Бул тууралуу ТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу басылмага маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, телеканалдын юристтери азыр райондор аралык сотто жүрөт жана бул окуянын чоо-жайын териштирүүгө аракет кылууда. «Биздин юристтер бардык тиешелүү чараларды көрүп жатат. Каналдын бардык кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жатышат. Биз укугубузду коргойбуз»,-дейт директор.

Эске салсак, кечээ, 19-декабрда, саат кечки бештерде сот аткаруучулар, соттун чечими чыкканга чейин, НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу жана эфирди токтотууга каналга барышкан. Сот аткаруучулар телеканалдын жетекчилигине доо арыз менен таанышып чыгууга эртеңкиге дейре убакыт беришкен. Grexton Capital Ltd компаниясы НТС каналына карата сотко даттанган жана анын өкүлү Елена Дзимидович телеканалдын жетекчилигине соттун аныктамасын берип жатканда ошол жерде болгон.

Белгилесек, телеканал Бабановго таандык.

Ссылка: https://barometr.kg/content9983



Добавить комментарий