Бабанов: НТС телеканалын, Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп, рейдерлик менен басып алып жатышат!

20 декабря 2017 12:07 2742 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 19-декабрда, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов НТС телеканалына байланыштуу окуяга комментарий берди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасында жазган.

Белгилүү болгондой, Бабанов учурда мамлекеттен тышкары жакта жүрөт. Буга чейин ага карата Кылмыш кодексинин «Конституциялык түзүлүштү зордук-зомбулук менен өзгөртүүгө чакыруу» жана «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча иш козголгон болчу.

Эске салсак, кечээ, 19-декабрда саат кечки бештерде сот аткаруучулар, соттун чечими чыкканга чейин, НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу жана эфирди токтотууга каналга барышкан. Сот аткаруучулар телеканалдын жетекчилигине доо арыз менен таанышып чыгууга эртеңкиге дейре убакыт беришкен. Grexton Capital Ltd компаниясы НТС каналына карата сотко даттанган жана анын өкүлү Елена Дзимидович телеканалдын жетекчилигине соттун аныктамасын берип жатканда жанында болгон.

Белгилесек, телеканал Бабановго таандык.

Бабановдун билдирүүсү:

"Кымбаттуу кыргызстандыктар

Болуп көрбөгөндөй иш болду! НТС телеканалын, эфирди токтотууну талап кылуу жана сотту колдонуу менен, рейдердик жол менен басып алып жатышат. Биз эмне ошончолукка жетип калдыкпы, Кыргызстанда эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктары корголуп баштадыбы? Эмне юридикалык документтер-булар жөн гана кагазга айланып, акыйкат жоголуп, а башкы максат –менчик, көз карандысыз телеканалды жаап же тартып алуу болуп калдыбы?",-деп нааразы болду Бабанов.

Ал ошондой эле, ЖМКдагы билдирүүлөргө шилтеме берип, «НТСтке даттанган фирма Белизде катталганбы?» деп суроо салды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9977



Добавить комментарий