Бала төрөгөнгө чейин 7 эркек менен мамиледе болгон аял төрөй албайбы?

16 мая 2018 10:10 2069 Barometr
Поделиться в:
ok
7 эркек менен жакын мамиледе болгон аял тукумсуз болобу? Бул тууралуу адистердин пикирин билсек.
Чувашиянын  Саламаттык сактоо министри Владимир Викторов бала төрөгөнгө чейин 7 эркек менен жакындашкан аялдын тукумсуз болоорун айтты.
Саламаттык сактоо министрилигинин порталында министрликтин карамагындагы «Президенттик перинатарлук борборунун» башкы дарыгери билдирүү таратты.
Сергей Милаевтин айтуусу боюнча, тукумсуздук суук тийүүдөн улам болот.
«Суук тийүү жыныстык катнаш аркылуу жуккан оорулардан пайда болушу мүмкүн. Дүйнөлүк маалымат боюнча, бир гана хламидиоза жаштар арасында 30 пайызга өскөн. Жыныстык катнаш аркылуу жуккан оору 50 пайызга көбөйгөн. Ушуларды эске алсак, аз гана мамилеси болгон жана жигиттерди тез алмаштырган аялдардын тукумсуздукка чалдыгары белгилүү», – делет кабарда.
Адистердин айтуусу боюнча, суук тийүү белгилери бар аялдардын бары бирдей бала көтөрө албайт деген сөз жок. Бирок, андан сактануу керек экенин эскертишет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14485



Добавить комментарий