Тогуз баланын атасы өмүр бою тукумсуз болгонун капыстан билди

24 апреля 2018 12:30 11643 Barometr
Поделиться в:
ok
Марокколук профессор аялы менен 35 жыл бирге кол кармашып өмүр сүрүшкөн. Ушул кезге чейин жубайлар тогуз бала тарбиялап, өстүрүп келишкен. Бул тууралуу fakty.ua сайты кабарлады.
 
Адаттагы бир медициналык текшерүү учурунда профессор өзүнүн өмүр бою тукумсуз  болгонун билген. Жыныс мүчөсүндө өскөн этке байланыштуу толук текшерүү жүргүзгөн уролог дарыгер  ага өмүр бою тукумсуз болгонун маалымдаган. Ал буга ишене алган эмес. Ал муну уккандан кийин бир эмес бир нече ооруканада текшерүүдөн өткөн. Бирок акыркы 50 жылда бала жытын жытоого мүмкүн болбогонуна көзү жеткен. Андан кийин аялын көзүнө чөп салгандыгы үчүн айыптап, ажырашууга арыз берген. Бардык балдарынан да баш тарткан. Сотто анын эс-акылы ордунда экендигин далилдеген медициналык далилдер жыйналып көрсөтүлгөн.
 
Мароккодо жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салуу оор кылмыш болуп саналат. Эгер бирөө күнөөлүү деп таанылса түрмөгө камалат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13707



Добавить комментарий