Көк-бөрү: "Бакубат-Талас" баш байгени утуп, "Нивага" ээ болду

29 апреля 2018 16:20 1878 Barometr
Поделиться в:
ok

Джеруй алтын кенин иштетүүчү “Альянс-Алтын” компаниясынын эсебинен каржыланган "Бакубат Талас" командасы Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк-бөрү турнирин жеңип алды.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, турнирдин финалдын беттешинде "Бакубат Талас" "Сары-Өзөн-Рассвет" командасы менен беттешкен жана 6:3 эсебинде жеңишке жеткен. Ошону менен Таластын командасы турнирди утуп алды жана мындан тышкары башкы байге болгон "Нива" унаасына ээ болду.

Экинчи орунду алган "Сары-Өзөн-Рассвет" 100 миң сомго ээ болду. Үчүнчү орунду Өзгөн районунун "Колдүк" командасы ээлеп 75 миң сом алды, төртүнчү катарды "Арашан-Бишкек" камсыз кылып 50 миң сом алды. Бишкектин 140 жылдыгына арналган турнирге 12 команда катышты.

Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" спорттун башка түрлөрү боюнча дагы  командаларды каржылап жүрөт. Негизинен "Бакубат Талас" футбол командасын жана республикалык лигада ойногон мини-футбол боюнча "Бакубат Талас" ветерандар командасын каржылайт. Мындан тышкары республикалык турнирде күмүш байгени алган "Бакубат Талас" воллейбол командасына да каржылык колдоо көрсөтүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content13924



Добавить комментарий