“Альянс Алтын” компаниясы айыл тургундарына спорттук майрам тартуулады

26 марта 2018 18:17 1074 Barometr
Поделиться в:
ok

22-23-март күндөрү Талас районундагы “Бекмолдо” айыл аймагынын тургундары үчүн “Альянс Алтын” компаниясы “Нооруз” майрамынын урматына спорттун 9 түрү боюнча спорттук мелдештерди өткөрдү. Айыл аймагына караштуу “Хан Бүрөо”, “Кеңеш”, “Сасык- Булак” жана “Кара-Ой” айылдарынын тургундары  “Альянс Алтын” кубогу үчүн-Көк-бөрү, Ат чабыш, Кунан чабыш, Тай чабыш, Кыргыз күрөш, кичи футбол, аялдар жана эркектер арасында Волейбол, ардагерлер арасында шахмат оюндары боюнча таймашып, жеңүүчүлөр компаниянын атынан атайын кубок жана акчалай байгелерге ээ болушту. Көк Бөрү оюну боюнча Сасык Булак айылынын “Ынтымак” командасы жеңишке жетишсе, ат чабыш, кунан чабыш, тай чабышта дагы  Сасык-Булак, айылынын күлүктөрү алдыга оозуп чыкты. Кичи футбол оюнунан Кара-Ой айылынын спортчулары, айымдар арасындагы Волейбол оюнунан ушул эле  Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин мугалимдер командасы, эркектер арасындагы Волейбол оюнунан  айыл өкмөттүн ардагер спортчулары алдыңкылардан болушуп, баардык жеңүүчүлөр “Альянс Алтын” компаниясынын атайын кубокторун, акчалай байгелерин жеңип алышты. Ушундай эле спортуук майрам Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында дагы уюштурулуп,  Ордо, Волейбол боюнча мелдеште жеңишке жетишкен спортчулар Альянс Алтындын акчалай  сыйлыктарына ээ болушту.   

Ссылка: https://barometr.kg/content12799



Добавить комментарий