Жаңы башкы прокурор Исаев, Текебаев, Түлеевдин ишин кайра карайбы?
Поделиться в:
Жаңы дайындалган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон парламенттин депутаттары саясий мотив менен козголгон кылмыш иштерин кайра карап чыгууну талап кылышты. Башкы прокурор макул болду.
barometr.kg кайсы кылмыш иштери саясий мотив менен козголгонун эскертет.
1.Экс-депутат Канат Исаевга карата козголгон кылмыш иши
“Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаев массалык башаламандык жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектелип, сот чечими менен 12 жылга абакка кесилген.
2."Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши
“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселеси да катуу талкууга алынууда. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, соттолгон оппозиционердин тагдыры менен Венеция комиссиясы кызыгууда. «Алар Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу үчүн гана эмес, ошондой эле ага карата ачылган кылмыш иши саясый жана заказдалган мүнөздө болгонуна тынсызданууда», — деп айтууда юрист.
3.Экс-депутат Нариман Тулеевга карата козголгон кылмыш иши
Нариман Түлеев 11 жылга соттолгон. Анын көптөгөн сандагы мүлкү конфискацияланган — имараттар, кеңселер, соодар борборлору. Юристтер белгилегендей, конфискация мыйзамсыз жүргүзүлгөн. «Иликтөө учурунда алар эч кандай документтерге негизделген эмес. Кытайдан келген автобустардын документтери жана алардын котормолору менен таанышкан эмес. Ошондо мен Сапар Исаквого кайрлыган элем, ал “бул иш биринчинин өздүк көзөмөлүндо, эгер аны менен консенсуска келсе, анда эч кимдин иши да болбойт» деди, — деп айткан ЖМКларга Түлеевди коргоо комитетинин өкүлү Урмат Акунов.
Экс-депутаттын биртууган иниси Нарынбек Түлеев да белгилегендей, алар Алмазбек Атамбаевге чындыкты жеткирүүгө аракет кылышкан.
«Анын өкүл баласы Сталбек Молдалиев аркылуу Кытай компаниясы менен болгон келишимдерди жана КНРдин өкмөтүнүн документтерин берүүгө аракет кылдык. Бирок Атамбаев бизди шылдыңдап, эч кандай документтердин кереги жок, бул өлкөдө өзүм прокурор, өзүм сотмун, кандай кааласам кылам, ал эми судья Сариев өкүмгө гана кол коет”, деп койгон деп билдирди.
4. Экс-депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши
Карганбек Самаков 2017-жылдын декабрында райондук сот тарабынан 10 жылга түрмөгө камалган. Аны мыйзамсыз жерлерди трансформациялаган деп күнөө коюшкан.
5. Садыр Жапаровго карата кылмыш иши
Экс-депутат Садыр Жапаров 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду адамды барымтага алууну уюштурууга айыптуу деп таап, 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн режимде абакка кескен.
Ссылка: https://barometr.kg/content13870
Добавить комментарий ×