Садыр Жапаровдун атасы каза тапты. Ал уулунун тагдырына катуу ойлонгон

20 сентябрь 2017 11:37 884 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Жапаров дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу социалдык тармактарга экс-депутат Надира Нарматова билдирди.

 Нарматова Нуркожо Жапаровдун туугандарына көңүл айтуу менен улгайган киши тагдырдын соккуларын көтөрө албай калды го деп кейиди.

“Атаганат Нургожо аксакал, "САДЫР, БАЛАМ"-деп,арманы ичинде кетиптир! Күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун берсин. Арты кайырлуу болсун!”,-деп жазды ал.

12-августта социалдык түйүндөрдө соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун үйүндө тартылган видео жарык көргөн.

 Видеодо медиктер оор абалда жаткан Жапаровдун атасына алгачкы көмөк берип жатканы жана тез жардам унаасы алып кеткени тартылган.

Эскерте кетсек, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду  адамды барымтага алууну уюштурууга айыптуу деп таап, 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн режимде абакка кескен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6488



Добавить комментарий