«Иштамбердидеги» жумушчулар менен жетекчиликтин ортосундагы чыр чечилди

10 января 2018 11:16 1315 Barometr
Поделиться в:
ok

«Иштамберди» кенин иштеткен «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын жетекчилиги менен эмгек жамаатынынын ортосунда чыккан келишпестик жөнгө салынды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Фулл Голд Майнингдин» администрациясы жана Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун борбордук комитети чырлуу маселелер жөнүндө бир келишимге келишти.

Эске салсак, ушул жылы 5-январда Ала-Бука районундагы «Иштамберди» алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” ишканасы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошотконун Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуун билдирип чыккан. Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер болгон. Алардын 370и жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган.  Эми бул жумушчулар менен болгон эмгек келишимдери 2018-жылдын 1-январынан тартып узартылат. Жакынкы араларда кызматкерлер вахтага чыгарылат.

Компания бардык зарыл кошумча төлөмдөрдү (бийик тоолуу коэффициент, вахталык метод жана эмгек тажрыйбасы жана башкалар үчүн кошумча акы) төлөп берүү жана ишчилерди үч маал ысык тамак менен камсыз кылуу милдетин өзүнө алды.

Буга катар жумушчулардын маянасы мурункуга салыштырмалуу төмөндөбөйт. Алар 15-январдан тартып ишке киришмекчи.

Буга чейин, 8-январда, бул чатактуу маселени чечүү жана талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10549



Добавить комментарий