«Фулл Голд Майнингдин» жетекчилиги менен жумушчулардын ортосундагы эмгек келишпестиги каралды

8 января 2018 18:45 808 Barometr
Поделиться в:
ok

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинде Ала-Букадагы Иштамберди кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясынын жетекчилиги менен жумушчуларынын ортосунда жаралган эмгек келишпестиги каралды. Анда ишкананын өкүлү Чи Шуань Тань кызматкерлердин массалык жумуштан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун табуу максатында бүгүн, 8-январда жолугушуу өткөрүлдү, ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов, Тоо-металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Таджибаев, “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын биринчи вице президенти Чи Шуань Тань, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы Таалай Асылбеков жана башкалар катышты.

Кытай компаниясынын өкүлүнүн айтымында, ишкана кызматкерлердин стажына кошумча акы төлөөдөн баш тартып, тамак-ашка берилчү күнүмдүк акчаны азайткан. Ошондой эле ар бир жумушчуга маянадан сырткары берилчү айына 3 миң сом акча берүүнү да токтотмокчу болгон. Ал эми жолугушуу учурунда Элдар Тажибаев компаниянын азыркы абалына тушүнүп, айлык акыны көбөйтпөгөнгө макул болуп, шартты жакшыртуу боюнча талаптарынан баш тартканын билдирди. Бирок ал стаж, тамак-аш үчүн кошумча акчаны кыскартуу мыйзамсыз экенин айтты. Өз кезинде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскулов "Иштемберди кенин иштетүүгө “Фул Голд Майнинг” компаниясына 20 жылга лицензия берилгенин, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлүшү керек экенин" жолугушууда билдирди.

Чи Шуань Тань, компаниянын иши Кыргызстандын бардык мыйзамдарына ылайык келерин билдирди.

Азыркы тапта Жаматтык келишимди түзүү боюнча процедуралар башталды.

Эске салсак, буга чейин, 5-январда аталган компания жапырт түрдө 400 кызматкерди (Кыргызстандын жарандары) иштен бошоткону билдирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10495



Добавить комментарий