Журналист Алкановага Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

5 января 2018 16:17 1114 Barometr
Поделиться в:
ok

Максим Бакиевдин коттедждерин менчиктештирүү боюнча иликтөөнүн автору Элнура Алкановага Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу ал өзү билдирген.

Анын айтымында, бүгүн "Прецендент" юридикалык компаниясынын адвокаты банктын жашыруун сырларын жарыялоого байланыштуу иш боюнча Экономикалык кылмыштуулукка карыш күрөшүү мамлекеттик кызматынын иликтөөчүсүнүн кабыл алуусунда болгон.

"Адвокат менин ордума барып келди. Ага иликтөөчү, мага өлкөнүн тышына чыгууга тыюу салынганын билдирген. Мен келерим менен суракка барышым керек экен. Эмнеге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганын түшүнбөй турам? Мен эмне качып жатамынбы? Же мен шектүүмүнбү?»,-деп журналист интернеттеги баракчасында жазган.

Белгилесек, кечээ, 4-январда Алканова суракка чакырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10421



Добавить комментарий