Журналист Элнура Алканованы суракка чакыртышты

5 января 2018 10:13 902 Barometr
Поделиться в:
ok

Максим Бакиевдин Вип-коттедждерин менчиктештирүү боюнча чуулуу журналисттик иликтөөнүн автору Элнура Алканова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иликтөөчүсүнө суракка чакыртылды. Бул тууралуу интернеттеги баракчасында журналист өзү билдирген.

Анын айтымында, ага чакыруу кагазы келген.

Анда, Алканова 2018-жылдын 5-январында иликтөөчүгө барышы керектиги жазылган.

Эске салсак, буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан, банктык сырды мыйзамсыз жайып жиберүү фактысы аныкталган.

18-декабрда бул факт тууралуу Кылмыш кодексинин 194-беренеси боюнча (коммерциялык, банктык же башка жашыруун сырларды таратуу) иш козголгон.

Ведомствонун маалыматына ылайык, БТА-банктын жетекчилиги Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан, көз карандысыз журналист Элнура Алкановага карата кылмыш иш козгоо талабы менен кайрылган.

Белгилесек, 2017-жылдын 15-ноябрында ЖМКларга Элнура Алканованын «Идеал Хаус» вип-шаарчасын сатууга байланышкан журналисттик иликтөөсүнүн видеосюжети жарыяланган болчу. Кийинчерээк Башкы прокуратура өкмөт башчы Сапар Исаковдун коррупцияга байланыштуу окуяга аралашпаганын, ага катыштыгы жок экенин аныктаган, ал эми өкмөт Алкановадан кечирим суроосун талап кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10403



Добавить комментарий