Сот Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыратты

5 января 2018 09:41 740 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 4-январда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, парламенттин депутаты Канат Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кести. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.Сот Исаевди эки иш - муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча күнөөлүү деп таап, калган эки эпизод боюнча актады.

Судьянын айтышынча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде Исаевдин жаза мөөнөтүнүн төрттөн бири кыскарат. Канат Исаевдин жактоочусу Сергей Слесарев базардын жана автобекеттин курулуш боюнча чечимдер шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынганын айтып, бул иштер боюнча айыптоо өкүмү чыкканына таң калып отурганын билдирди. Ал райондук соттун чечимин жогорку инстанцияга арызданышарын кошумчалады. Прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн. Жыйындын жүрүшүндө Канат Исаев, ага каршы тагылган айыптарды толугу менен жокко чыгарган. Исаев ага карата иш саясий себептер боюнча козголгонуна, жок айып тагылганына ишенет. Белгилесек, буга чейин Исаевге бийликти кулатууга чакырык таштаган деген айып менен дагы иш козголгон. Бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10401



Добавить комментарий