Судья Канат Исаевге чечим чыгаруу үчүн кеңешме залына кирди
Биринчи май райондук сотунун судьясы, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канат Исаевге карата чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Эске салсак, бүгүн, 4-январда, Исаевдин иши боюнча соттун жыйыны өткөн. Исаевге ал Токмок шаарынын мэри болуп турганда, муниципалдык менчикти жеке жактарга өткөрүп берип мамлекетке зыян алып келген деген күнөө коюлган.
Прокурор депутатты 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Жыйындын жүрүшүндө Канат Исаев, ага каршы тагылган айыптарды толугу менен жокко чыгарган. Исаев ага карата иш саясий себептер боюнча козголгонуна ишенет.
Белгилесек, буга чейин Исаевге бийликти кулатууга чакырык таштаган деген айып менен дагы иш козголгон. Бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10393
Добавить комментарий ×