CNN каналы Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз саякаттай турчу мамлекеттердин катарына кошту
Поделиться в:
CNN телеканалы туристтерге 2020-жылы сөзсүз саякаттай турган 20 мамлекеттин тизмесин жарыялады.
Телеканал Кыргызстанды Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен чектеше турганын жазган.
Негизги көңүл Ысык-Көлгө бурулган. Ажайып бул көлгө мөңгүнүн суусу куюлуп турары баяндалат. Чет элдиктердин көбү дал ушул көл үчүн келери да жазылган.
Американын батышындагы каньендор сыяктуу кооз жер көлдөн анча алыс эмес жерде экени белгиленген. Ал эми кышында Караколдоргу лыжа базасына баруу сунушталган.
Жайында болсо Тянь-Шань тоолорун аралай треккинг жасап, ат минип кыдырса болору жазылат. Эң башкысы Кыргызстанда саякаттоо капчыкка өтө деле оорчулук келтирбей турганы белгиленген.
Добавить комментарий ×