Чыр чыккан обсервациядагылардын көбү үй карантинине чыгарылат
"Семетей" обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды. Алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Эске салсак, 18-майда эртең менен обсервацияга алынгандар туура эмес маалыматтан улам нааразычылык билдиришип, аларды үй карантинине чыгаруу керектигин талап кылышкан.
"Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач КР ССМдин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chyr-chykkan-observaciyadagylardyn-kb-j-karantinine-chygarylat
Добавить комментарий ×