Чыныбай Турсунбеков: "ГЭСтин курулушу токтоп ту​​​​рат, ин​​​​весторлорду тартыш керек"

19 декабря 2019 11:05 2316 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын жергесинин тургундары кышкысын эле эмес, жыл бою электр энергиясынын ар кВт/саатын баасын 77 тыйындан эмес, 108 тыйындан деле белгиленишине каршы эмес. Муну Өкмөт ойлонуп көрүшү керек. Анткени, бийик тоолуу аймактын жашоочулары жай мезгилинде электр энергиясын анчалык көп пайдаланбайт, демек анын баасы салыштырмалуу арзан эле болот. Бул тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. 

«Жогорку Нарын ГЭСи жайгашкан Таш-Башат айлынын тургундары бир топ жайытынан айрылып калышканын, жер тартыш экенин айтышат. ГЭСтин курулушу токтоп турат, пайдасыз жата бергенден көрө, анын курулушуна инвесторлорду тартыш керек же ал жайгашкан жерди элет тургундарына жайыт катары бериш керек. Өкмөт бул маселени ушул кезге чейин жарытылуу чече албагандыктан, жергиликтүү тургундар арабөк абалда калды», - деди депутат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekov-gestin-kurulushu-toktop-turat-vestorlordu-tartysh-kerek



Добавить комментарий