Чыңгыз Айдарбеков дүйнө элдерин ядролук куралдан арылуу үчүн жигердүү аракет жүргүзүүгө чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ядролук куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү. Иш чара Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын алкагында өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.
Өз сөзүндө Айдарбеков ядролук куралды таратуунун алдын алуу боюнча таасирдүү чараларды кабыл алуунун, ошондой эле массалык кыргын салуучу куралдан жаралган коркунучтарды азайтуу боюнча БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жигерлетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Министр мындан тышкары, БУУнун куралсыздандыруу жаатындагы башкы ролун, ошондой эле ядролук куралсыз дүйнөгө жетишүү боюнча көп тараптуу механизмдерди сактап калуунун маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн белгиледи.
Министрликтин маалымат департаменти бул жыйын адамзат үчүн коркунуч жаратуучу ядролук курал жөнүндө коомдук маалымдуулукту жогорулатуу, аны толук жок кылуу жана ага толук тыюу салуу кечиктирилгис зарылчылык экендигин түшүндүрүү максатында, ошондой эле ядролук куралдан эркин болгон дүйнөнү куруу жалпы максатка жетүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди мобилмзациялоо максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалайт.
Добавить комментарий ×