Журналист, жазуучу Жаныбек Жанызак каза болду
Кыргыз журналистикасында опол тоодой орду бар Жаныбек Жанызак каза болду. Бул тууралуу анын уулу Жолдош Жанызаковдун фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кыргыз электрондук китептерин ачкан, клавиатурага кыргыз ариптерин (ө,ү,ң) киргизген, журналистикада салмактуу орду бар Жаныбек Жанызак 69 жаш курагында каза болду.
"Атам аталарына кетти. Бүгүн кечинде Таласка (Бейшеке айылы) алып чыгабыз. Эртең түшкө чейин коюлат. Тааныгандар Кеңешбек чоң атамдын үйүнө келип бата кылып кетсеңер болот. Бишкектегилерге кийин өзүнчө айтабыз", - деп жазды журналисттин уулу.
Маалым болгондой, Жаныбек Жанызак буга чейин оор илдет менен күрөшүп келген. Асылган оорудан улам башына шишик пайда болуп, бир колу менен бир буту жакшы иштебей калганы кабарланган. Ал жакын арада эле Москвадан башынан операция жасаткан.
Жаныбек Жанызак бир нече китепти басып чыгарып, чет тилдеги китептерди кыргызчага которгон.
Ошону менен катары эле, Жаныбек Жанызак кыргыз тилдүү интернет сайтты биринчилерден болуп ачкан. Басмакана иштетип, китеп чыгарып жүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/chygaan-zhurnalist-zhazuuchu-zhanybek-zhanyzak-kaza-boldu
Добавить комментарий ×