Чуркап машыгуунун пайдасы кандай, аны кантип баштоо керек?
Температура нөлдөн жогору көтөрүлгөн кезде парктарда чуркоону сүйгөн адамдар пайда болот. Аэробикалык машыгуу аба ырайынын жылуу мезгилиндеги спорттун бирден-бир пайдалуу варианты. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет Ден соолукка пайда алып келиш үчүн кантип чуркаш керек? Төмөндө бир нече пайдалуу кеңештерге көңүл буруңуз!
Биринчи кезекте керектүү форма сатып алыңыз!
Чуркоо үчүн форма-бул спорттук кийим, бут кийим, акссесуралар. Алар машыгуу учурунда сөзсүз керек болот.Кесипкөй спортчулар эң эле маанилүүсү бул кроссовкилер деп коюшат.Шымдын бели жогорсун алыңыз, мындай шымдар машыгуу маалында ылдый түшүп сизди алагды кылбайт.Жазында спорттук майка, жеңил ветровка камдап коюңуз. Белге тагынган чакан сумка телефон жана ачкыч салууга керек болот.
Машыгуу залында кантип чуркоо керек?
Эгерде машыгуу залында чуркоону баштап жатсаңыз, адегенде тез басуудан баштаңыз. Адеп башында 30 мүнөт тез басуу керек. Андан кийин тез басууну 60 мүнөткө чейин көбөйтүңүз. Андан соң гана чуркоого өтүңүз! Кыздардын жүрөк кан тамыр системасы аэробикалык күч келүүгө 2-3 жумадан кийин адаптация болот.
Кантип мотивация тапса болот?
Спорттун пайдасын канча айтсак да организмди дайыма күч келүүгө көндүрүү кыйын маселе.Ошондуктан орто жолдон спортту таштап салбаш үчүн анык бир максат коюп алыңыз. Мисалы 2 айдын ичинде 10 чакырым чуркайм деген.
Чуркоонун пайдасы
Тез салмак таштайсыз. Бир сааттык чуркоо 600—800 калорияны кетирет.
Мээнин иши жакшырат. Машыгуу маалында мээ чыңалган абалда болот, анткени кыймылды дайма көзөмөлдөп, айлан-чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып туруш керек. Мындан улам мээде жаңы нейрон байланыштары түзүлөт жана эс тутумду жакшыртат.
Эргүү жана мотивация аласыз.Көпчүлүк ишкерлер чуркоо менен машыгат. Көп чуркаган адамдар креативдүү ойлонуп, жумушка болгон жөндөмү артып, жыйынтыкты жакшы беришет экен.
Демек бүгүнтөн баштап чуркоону баштаңыз! Ден соолукта жана сулуу болуңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/churkap-mashyguunun-pajdasy-kandaj-any-kantip-bashtoo-kerek
Добавить комментарий ×