Алимент төлөбөгөн үчүн чет жакка чыгууга тыюу салынган жаран чоочун паспорт менен чек арадан кармалды

12 ноября 2018 12:15 1016 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

«Ак-Тилек-автодорожный» өткөрүү пунктунда Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматта жазылгандай, чек арачыларга жигит чоочун адамдын паспортун көргөзгөн. Текшерүү учурунда паспорттун ээси башка адам болуп чыккан. 

Иликтөөдөн кийин Кыргызстандык жаран күнөөсүн мойнуна алган. Ал алимент төлөбөгөндүгү үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салыныптыр. Ошондуктан башка паспортту колдонуп чыгууга аракет кылган. 

Кармалган жаран милицияга өткөрүлүп берилди деп билдиришти чек ара кызматынан. 

Ссылка: https://barometr.kg/choochun-pasport-menen-chek-aradan-tg-araket-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий