Чолпон жылдызга жиберилген станция Жерге кулашы күтүлүүдө

13 марта 2019 10:08 3530 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын космос эксперти Джонатан МакДауэл 2020-жылдардын ортосунан баштап Жердин кайсы аймагына болбосун Венера планетасына жиберилген планеталар аралык станция түшүүсү мүмкүн экенин маалымдады. Аталган станция СССР убагында учурулган. Учурда ал белгиленген траекторияга түшүп Венераны көздөй учпай калгандыктан, биздин планетаны айланып жатат. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады.   

Өзүнүн отчетунда эксперт капсулалар атмосферада күйүп кетпестен Жердин бетине түшүү ыктымалдыгы жогору экенин эскертти. Бирок окумуштуунун айтымында, бактыга карай станцияда ядерлик материалдар жок жана зыянсыз.

Батыш басма сөздөрүндө “станция быйыл Жерге кулашы мүмкүн” деген кабарлар жарыяланып жатат, ага карабай Джонатан МакДауэл муну четке кагып, мындай учур келерки жылы болорун айтып өттү.

Эскерте кетсек, станция 50 жылга жакын убактан бери космосто жүрөт. "Венера-8" станциясы 1972-жылы март айында учурулган. Ал көздөгөн максатына жетпей Жердин орбитасында калып калган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-zhyldyzga-zhiberilgen-stanciya-zherge-kulashy-ktld



Добавить комментарий