Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жаран табыла элек

16 июль 2018 19:30 1171 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

13-июль күнү Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу жаран чөгүп кеткен. Чөккөн жарандын денеси же өзү бүгүнкүгө чейин табыла элек. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Издөө иштерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана туугандары тарабынан 7 адам тартылган. Издөө иштери бугүн 16-июль күнү улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-chgp-ketken-zharan-tabyla-elek



Добавить комментарий