Чоң-Алайга баратып кулаган тик учактан 14 киши жабыркап, бирөө оор абалда

5 июня 2021 10:56 965 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 4-июнда Чоң-Алай районуна бара жатып кулап түшкөн тик учак кырсыгынан 14 адам жабыркады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Маалыматка ылайык, бир бейтаптын абалы оор.

"Ош облустук ооруканасына "Тез жардам" мене 14 бейтап келген. Анын ичинен күйүк алган беш бейтап күйүктөр бөлүмүнө, бирөө травматология, үчөө нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын биринин абалы оор. Төрт бейтаптын абалы орто. Андан башка дагы төрт бейтап канааттандырарлык абалда. Бардыгы тең дарылануудан өтүп жатышат.

Ошондой эле, дагы бешөөнө биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына учуп бараткан МИ-8 МТ тик учагы кулап түшкөнү айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-alajga-baratyp-kulagan-tik-uchaktan-14kishi-zhabyrkap-bir-oor-abalda



Добавить комментарий