Чүйдүн тургуну атасын сабап өлтүрүп, милицияга өзү келди
Поделиться в:
Чүй областынын Москва районунун тургуну атасын сабап өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак,12-августта 30 жаштагы шектүү адам Москва районунун ички иштер бөлүмүнө келип, атасы менен чатакташып аны уруп-сабаганын, ал каза тапканын айткан.
Бул боюнча Кылмыш кодексинин 138-беренеси - “Ден соолукка оор залал келтирүү” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/chjdn-turgunu-atasyn-sabap-ltrp-miliciyaga-z-keldi
Добавить комментарий ×