Чүйдө жол кырсыгынан 18 жаштагы жигит каза тапты

22 октября 2021 16:47 1595 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Ысык-Ата районунда болгон жол кырсынан жаш жигит каза тапты. Бул тууралу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт. 

Жол кырсыгы 20-октябрда саат 9дар чамасында болгон.

“«ВАЗ 2199» жана «Мерседес-Бенц» унаалары кагылышкан. ВАЗ унаасынын 18 жаштагы жүргүнчүсү Ш. И. эсине келбей ооруканада каза тапты”,-деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Аталган кырсыктан 3 адам жабыркап, 1 адам каза тапканын областтын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

«ВАЗ 21099» унаасынын 21 жаштагы айдоочусу, Красная Речка айылынын тургуну Ш. Б. каршы тилкеге чыга калганда Бишкектин 26 жаштагы тургуну А. М. башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы анын унаасын сүзүп кеткен.

Үч адам Кант шаардык ооруканасына жеткирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-zhol-kyrsygynan-18-zhashtagy-zhigit-kaza-tapty



Добавить комментарий