Чүйдө ИИМ кызматкерлери 56 айылды кыдырышты

25 марта 2020 10:48 1770 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан аймактарда карантин убагындагы эрежелер жана шарттар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

24-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМдин Академиясынын, Чүй ОИИББдин,  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, сан-эпидемстанциянын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары түшүндүрүлүп, түнкү маалда жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешишти.

Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө деталдык-маршруттук планы иштелип чыгып, иш-чарага тартылган өздүк курамга тескемелер өтүлүп, так тапшырмалар берилди. Ошондой эле, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу боюнча өздүк курамга тескемелер өтүлдү.

Иш-чарага 38 жөө жүргөн патрулдар, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн - 12, жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнөн - 16, милициянын кайгуул-күзөт кызматынан - 12, Чүй ОИИББден - 4, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынан - 50 кызматкер тартылып, катуу сүйлөөчү түзүлүштөрү менен жабдылган 38 унаа менен 224 көчөнү камтыган 56 айылды кыдырышты.

Андан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасын колдонуу менен жогорудагы айылдарды кайгуулдоо жүргүзүлүп, карантин учурунда коопсуздуктун шарттары менен эрежелерин сактоо боюнча маалыматтарды беришти.

Ушуга эле катар, Аламүдүн районунда жайгашкан коомдук тамактануу жайларына, оюн-зоок мекемелерине, маданий, массалык иш-чараларды өткөрүү, интернет клубдардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Рейдди өткөрүү учурунда Аламүдүн, Ленин, Лебединовка, Маевка, Таш-Дөбө айылдарында участкалык милиция тарабынан жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары түшүндүрүлүп, түнкү маалда жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешишти.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-iim-kyzmatkerleri-56-ajyldy-kydyryshty



Добавить комментарий