Чүйдө эгин талаасын өрттөгөн дыйкандардын айынан электр зымдары үзгүлтүккө учурады

9 ноября 2020 15:26 2054 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Бишкек Торугарт унаа жолунун боюндагы өрттөлгөн кургак чөптөн чыккан  жалындан улам электр зымдары авариялык абалга кептелген. Бул тууралуу "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ишканасынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Чүй облусунда, Бишкек Торугарт унаа жолунун боюндагы өрттөнгөн кургак чөптүн жалынынын кесепетинен, 8-ноябрда саат 19:53 чамасында, 220 кВ магистралдык Чүй аба чубалгысы авариялык өчүрүлгөн. Өчүрүү кою түтүндүн жана жалындын электр зымдарына тийгизген таасиринен улам болду. Керектөөчүлөрдү өчүрүү болгон жок”, - деп кабарлады ишканадан.

"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК 500, 220, 110 кВ чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын жабыркашын уруксатсыз чөп өрттөгөн дыйкандардын айынан болгонун айтты. Уруксатсыз чөп өрттөөнүн натыйжасында жабдуулардын эскириши күчөп, алардын бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эскертет. Өз кезегинде, ишкана мындай өрттөө фактылары боюнча, укук коргоо органдарына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга чейин, 8-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек менен Токмокту айланып өтүүчү жолдун боюнда коюу каптаган түтүн менен коштолгон өрттү видеого тартып алып жарыялашкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-egin-talaasyn-rttgn-dyjkandardyn-ajynan-elektr-zymdary-zgltkk-uchurap-zyyan-tartkan



Добавить комментарий