Токмокко кетчү жолду каптаган кою түтүн. Өрттөнгөн талаалар (видео)

9 ноября 2020 12:56 6921 Barometr
Поделиться в:
ok


"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК тургундардан кургак чөптү өрттөбөөнү жана энергетикалык объектилердин жанында өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону суранат. Кайрылуу аталган ишкананын социалдык тармактардагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Өрттөн чыккан түтүн жана учкундар электр зымдарына залакасы тийип, электр энергиясынын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-ноябрда социалдык тармактарда видео жарыяланган. Анда, жүргүнчүлөр Бишкек менен Токмокту айланып өтүүчү жолдун боюнда коюу каптаган түтүн менен коштолгон өрттү видеого тартып алышкан.

«Баарын түтүн каптады, талаалар күйүп жатат. Айрым жерлерде өрт жолдун жанында, электр зымдарынын астында күйүп жатат, өрттүн табы жолдун каршы тарабындагы унаанын терезелеринен дагы сезилип жатат. Бул жапайы практика бир нече жылга созулуп келет. Балким, кандайдыр бир чара көрө башташыбыз керек? " - деп жазат кыргызстандыктар.

Белгилей кетсек, мындай өрттөн улам Кыргызстандын жогорку чыңалуудагы линиялары бир нече жолу жабыркаган. Кургак жана шамалдуу аба ырайында өрттүн күч алып кеттү коркунучу кескин жогорулайт, бул электр жабдууларын жана керектөөчүлөрдүн электр энергиясын үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бүгүн, 9-ноябрда карга айланган жамгыр жол боюндагы өрттү өчүрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokko-ketch-zholdu-kaptagan-koyu-ttn-rttngn-talaalar-video



Добавить комментарий