Чүйдө үч уй уурдалып, шектүүлөр кармалды

9 декабря 2020 11:56 3922 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдөгү Дача-Суу айылында үч уй уурдалып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

55 жаштагы О.А. Дача-Суу айылынын тургуну, 2020-жылдын 21-ноябрына караган түнү сарайдан ар кандай түстөгү үч уйду уурдап, белгисиз тарапка качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын көлөмү 240 миң сомду түздү.

Бул факт Сокулук районунун КЖБР катталып кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, 27 жаштагы Р.Р. жана В.А. Чүй облусунун тургундары кармалган. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, жогоруда аталган адамдар Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында жасалган мал уурулуктун дагы үч фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын мойнуна алышты, ошондой эле аталган адамдардын кылмыштын ушул сыяктуу башка фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши  уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ch-uj-uurdalyp-shektlr-karmaldy



Добавить комментарий