Чүйдөгү дарыгерлер ар бир үйдү кыдырып кеңеш беришет

14 июля 2020 16:08 735 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдөгү абалдын оорлошуна байланыштуу калкты үймө үй кыдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Чүй облусунун стационарларына бейтаптар оор абалда түшүп жатканын байланыштуу, коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине карата талдоо жүргүзүлдү. Анын негизинде жарандарга алгачкы жардамды эртерек көрсөтүү үчүн дарыгерлер ар бир жарандын үйүн кыдырат.

“Көптөрү үйдөн өз алдынча дарыланышып, оору күчөп кеткенде гана ооруканага кайрылышууда. Бул жагдайда дарыгерлерге абдан кыйын болууда, алар бардык күч-аракети менен ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат. Ушуга байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Намазалиев оорулууларды аныктап кеңеш берүү жардамын көрсөтүү максатында калкты үймө-үй кыдырууну уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калкка өзүн-өзү дарылоо коркунучу тууралуу, милдеттүү түрдө жергиликтүү медициналык мекемеге кайрылуусу керектиги жөнүндө маалымдоолор WhatsApp жана Telegram аркылуу берилип тураары маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-abaldyn-oorloshuna-bajlanyshtuu-kalkty-jm-j-kydyruu-zhnnd-chechim-chykty



Добавить комментарий