Жайыл районунда 30 үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берилди

7 мая 2020 18:00 1138 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдүн Жайыл районунда «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду 30 үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берди. Бул тууралу Жайыл районунун баш имам хатибиятынан маалымдашты.

"Рамазан айы жоомарттык, берешендик жана мээримдүүлүктүн айы. Ошол себептен, азыр көптөгөн жарандарыбыз жана фонддор ушундай кайрымдуу иштерди өтө көп кылып жатышат. Ошолордун катарында «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду да бар. Өзгөчө абал режиминде бир канча убакыттан бери иштебей, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү", - деди Жайыл районунун баш имамы Нурдан ажы Өмүралиев.

Хатибият ошондой эле азык-түлүктөрдү Бишкек шаарынан алып келип таратууда унаа жагынан жардам көрсөткөн Жайыл РИИБсинин начальниги Тилек Өмүралиевге терең ыраазычылык билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-30-j-blg-knmdk-azyk-tlk-menen-zhardam-krstld



Добавить комментарий