Чүй суусунан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды

9 января 2019 10:57 1008 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чүй дарыясынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Анда айтылгандай, 2019-жылдын 9-январь күнү саат 00:09 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30-чакырымында Чүй дарыясынан белгисиз эркек адамдын  жансыз денеси табылган. 

 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда белгисиз адамдын аты-жөнү такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/chj-suusunan-belgisiz-erkek-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий