Чет жактан келип обсервацияга алынгандар эмнеге чуу көтөргөнү белгилүү болду

18 мая 2020 16:08 1728 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында чет жактан келип, обсервацияга алынгандар эмне үчүн чыр чыгарганынын себептерин айтып берди.

«Бүгүн “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан. Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жараныбыз жаткырылган. Чыр-чатактын себеби,  алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу. Бул факты боюнча азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Обсервацияда жаткан жарандар  талаптарга баш ийбей,  эреже бузган учурда КР Мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат”, - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 18-майда социалдык тармактарда обсервацияга алынган жарандардын нааразы болуп жаткан видеолору тараган. Нааразы болгондор менен саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү да барып жолугушту.

Дал ушул Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендердин арасында коронавирус табылгандар арбын болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/chet-zhaktan-kelip-observaciyaga-alyngandar-emnege-chuu-ktrgn-belgil-boldu



Добавить комментарий