Чет жактан келип, карантинге киргизгендердин арасында депутат, министрлердин туугандары да бар

18 марта 2020 17:20 2709 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус чыккан мамлекеттерде болуп кайткан бардык жаран 14 күнгө карантинге киргизилип жатат. Бул тууралуу маламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында айтты.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, карантинге алынгандардын арасында аткаминерлердин да тууган-туушкандары бар экенин билдирди.

“Чынында алардын кайсынысы депутат, кайсынысы министр деп кызыккан жокмун. Бүгүнкү күнү чет мамлекеттен келгендердин арасында дагы депутаттын бир тууган эжеси, өзүнүн жубайы, министрдин жакын туугандары, губернатордун кызы бар. Биз алардын эч кимисине артыкчылык берген жокпуз. Бизге губернаторбу, министрби баары бир. Биз эч кимге артыкчылык берген жокпуз. Биз алардын баарын тең 14 күнгө карантинге киргизип, медициналык байкоо жүргүзүп жатабыз”, — деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/chet-zhaktan-kelip-karantinge-kirgizgenderdin-arasynda-deputat-ministrlerdin-tuugandary-da-bar



Добавить комментарий