Коронавирус мээге таасир этип, инсульт, психоз ооруларын күчөтөт
Чет өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Германия коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилге үчүн кошумча 383 млн евро бөлөт. Канцлер Ангела Меркель “Глобалдуу максат – биздин келечек үчүн бириккиле” аттуу демилгенин донорлорунун виртуалдык маалымат жыйынында вакцина, анализдер жана дарылар дүйнө жүзүндө жеткиликтүү болушу керек экенине бекем ишеничин билдирди.
Бразилиянын Өкмөтү учурда сыноолордон өтүп жаткан коронавируска каршы перспективдүү вакцинаны өндүрүү боюнча AstraZeneca фармацевтикалык компаниясы жана Оксфорд университети менен макулдашуусу тууралуу жарыялады. Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ишемби күнү өлкө 127 млн АКШ долларын төлөп, декабрь жана январь айларында эки партия менен 30,4 млн дозасын өндүрүүгө материалдарды алат, эгер вакцина натыйжалуу жана коопсуз деп тастыкталса, анда тез арада эмдөөлөрдү баштоого өбөлгөлөйт.
Ал арада Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун башкы илимий өкүлүнүн айтымында, AstraZeneca компаниясы иштеп чыгып жаткан COVID-19га каршы вакцинасынасы дүйнөдөгү алдыңкы талапкерлердин бири жана иштеп чыгуу тармагындагы мыкты тажрыйба болуп саналат. Соумья Сваминатан Moderna компаниясынын COVID-19 вакцинасы AstraZenecaнын талапкеринен кем калбаарын айтты, жалпы 200 иштелменин ичинен клиникалык сыноого 15 талапкер өткөн.
Улуу Британияда COVID-19 менен ооруканага жаткырылган 125 бейтапка алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, оору мээге таасир этиши, инсульт, суук тийүү, психоз ооруларын күчөтүшү мүмкүн экенин жана кээ бир оор учурларда деменцияга окшош белги берерин көрсөткөн. Lancet Psychiatry журналына жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19 илдетинен улам бир катар неврологиялык күчөгөн белгилерди алгачкы деталдык талдоо экенин изилдөөчүлөр билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chet-lklrd-covid-19-boyuncha-kyrdaalga-zhrgzlgn-monitoring
Добавить комментарий ×