Чет өлкөлүк жарандарды тоногон топ кармалды

29 май 2018 19:55 956 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды тоноп, каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жакында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өткөн жылдын күз мезгили менен ушул жылдын кыш мезгилинде жасалган бир катар кылмыш иштеринин бети ачылды.

Кармалгандар 2017-жылдын ноябрь айында Бишкекте азият улутундагы 28-35 жаштардагы белгисиз үч жаран фирмалардын бирине кирип келишип, коркутушуп, жаш кызга физикалык күч колдонуп, сабап салышкан. Фирманын кеңсесинен кытай улутундагы ишкердин жубайынын сумкасын тартып алышып, издерин жашырып качып кетишкен. Сумкада 6500 АКШ доллары, 280000 сом акча каражаты, автоунаанын ачкычы жана автоунаанын күбөлүгү бар болгон.

Ал эми, 2018-жылдын январь айында ушул эле Кытай Эл Республикасынын ишкерлерине кол салышкан. Түнкү маалда 8-кичирайондун аймагынан тоноочулар жабырлануучулар үйүнө кайтып келе жаткан жеринен кол салышкан. Тапанча менен коркутушуп, ишкердин жубайынын баалуу телефондор жана 50 000 сом акча каражаты салынган сумкасын тартып алышып, качып кетишкен.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде каракчылык фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chet-lklk-zharandardy-tonogon-top-karmaldy



Добавить комментарий