Чет элдик ишканалар текшерилди. Ага "Кырк Чоро" коомдук кыймылы да катышты

28 января 2019 13:28 1408 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги жана  жарандык активисттер менен биргеликте Чүй областындагы чет элдик ишканаларды кыдырып келди. Бул тууралуу жогоруда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Адегенде алар  Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводуна  барышты. 

Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэмдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө ишканада кыргыздын 74 жараны, Кытай Эл Республикасынын 34 жараны эмгектенет.

Ал өз сөзүндө “КЭР жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашайт. 2012-жылдан тартып кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой АКШ доллары жумшалган. Заводдун персоналы жыл сайын окутулуп турат. Бизнестин социалдык жоопкерчилигинин маанилүүлүгүн түшүнүү менен, жергиликтүү мектепке компьютерлерди сатып алууда, жолдорду курууда жардамдар көрсөтүлдү.  Мындан тышкары, биз түрдүү майрамдарды уюштурууда жана өткөрүүдө көмөктөшүп турабыз” - деди.

Делегация андан ары 400 адам эмгектенген “Кант түтүк-шифер ишканасы” ЖЧКга барышты. Ишкананын акционери Танвир Афтабдын сөзүнө таянсак, бул жерде Пакистандан болгону 3 жараны иштейт – өзү жана анын 2 техникалык кеңешчилери.

Ошондой эле, мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турчу жаңы эрежелер тууралуу айтып берди.

 “Биз тарабынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80% жана 20% түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр тарабынан чегерилүүчү сумма жогорулатылат. Биздин болжолдорго ылайык, бул жаңы киргизүүлөр казынага 200 миллион сомдой толуктоо алып келет”, - деп белгилеп өттү.

Ачык текешерүү жүргүзүү максатында, “Кырк чоро” коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылган. 


Ссылка: https://barometr.kg/chet-eldik-ishkanalar-teksherildi-aga-kyrk-choro-koomduk-kyjmyly-da-katyshty



Добавить комментарий