Чемпиондор лигасы: Көптү үмүттөндүргөн "Барселона" күйөрмандарынын үмүтүн актай алган жок
"Ливерпуль" Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында "Барселона" клубу менен экинчи беттештик оюн өткөрүп, өз талаасында 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Оюндагы эсепти Дивок Ориги 7 минута ачты. Экинчи таймдын башынча алмашууга чыккан Джорджиньо Вейналдум 54 жана 56 минуталарды эки гол киргизди.
Матчтын 79-минутасында Дивок Ориги дагы бир гол киргизип, эсепти 4:0 жеткизди.
Эске салсак, биринчи оюнда "Барселона" өз талаасында "Ливерпульду" 3:0 эсеби менен жеңип алган. Анда голдорду Луис Суарес (26') жана Месси киргизген (75', 82')
Бүгүн экинчи жарым финалда "Аякс" менен "Тоттенхэм" кездешет.
Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.
Аталган беттешти командалардын дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары көрүп колдоп турушту. Бул милдеттен кыргыз эстрадасынын жылдыздары да четте калган жок. Белгилүү жылдыздар да өздөрүнүн интернет баракчалары аркылуу кубанычын билдирип, ошол эле учурда "Барселонанын" күйөрмандарына көңүл айтууга жетишишти.
Ссылка: https://barometr.kg/chempiondor-ligasy-kpt-mttndrgn-barselona-kjrmandarynyn-mtn-aktaj-algan-zhok
Добавить комментарий ×