“Чемпион” депутат мас айдоочуларга 150 миң сом айып пул салыш керек дейт
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев мас абалында унаа айдагандарга 150 миң сом айып пул салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн тармактык комитеттин жыйынында айтты. Деген менен “Чемпион” башка жеңил эрежелерге карата айып пулдарды азайтууну колдоорун айтат.
“Ичкилик ичип унаа башкарган айдоочуларга 17 миң сом аз, казактарда 500 миң теңге экен, биз дагы 150 миңге жеткирели. Айып пулдарды башка жеңил эрежелерге карата азайтууну колдойм, бирок, ичимдик ичкендердин айыбын жогорулатууну жана андай учурда кырсыкка күнөөлүүлөрдүн жаза мөөнөтүн катаалдатуу керек”, - деди депутат.
Депутат бүгүнкү күндө спирт ичимдиктерин ичип алып рулга отургандарга салынган айып пулдун өлчөмү аз болгондуктан, кээ бир чөнтөгү калыңдар эрежеге баш ийбей, анын айынан кырсыктар катталып жатканын айтты.
Өкмөт айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/chempion-deputat-mas-ajdoochularga-150-mi-som-ajyp-pul-salysh-kerek-dejt
Добавить комментарий ×