Чек арадан тамекини мыйзамсыз ташыган жаран кармалды

7 февраля 2019 16:04 1201 Альбина Метерова
Поделиться в:
ok

Мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 7 февралда билдирди.

 Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында А.Д. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес – Бенц” үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты токтотулуп текшергүүгө алынган. Автоунаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерген учурда атайын бекитилип жасалган жай аныкталган.

«Ал жерди ачып текшерген учурда “CAVALLO” маркасындагы акциздик маркасы жок 28 каробка (14000 пачка) тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын суммасы 700 000 сомду түзөт. Бул товар Таджикистандан мыйзамсыз ташылып келинген. Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди», - деп билдирди Бажы кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradan-tamekini-myjzamsyz-tashygan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий