Чаткалда өлгөнгө келген 13 кишиге коронавирус жукту
Поделиться в:
Учурда Чаткалда эпидемиологиялык абал курчуп кеткенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, сөөктү жерге берүү зыйнатына көптөгөн киши келип, Бишкектен дагы келгендер болгон.
“Ошол жерде коронавирус менен ооругандар барып калып, оору 13 кишиге жуккан. Ал жакка баргандардын бардыгынын аты-жөнүн, дарегин тактап толугу менен көзөмөлгө алып, ушул багытта иш алып барылууда”, — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, 7-майга карата Кыргызстан боюнча 895 кишиге коронавирус жукканы ырасталды. Ошол эле учурда ооруканадан 637 бейтап айыгып чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-lgn-kelgen-13-kishige-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×