Кара-Көлдө, Чаткалда милиция кызматкерлери эрежелерди сактоону эскертишти

18 ноября 2020 11:22 1065 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирустун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Атап айтсак Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу иштерин алып барышууда. Шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө, базарларда санитардык нормалардын сакталуусу текшерлип, тиешелүү талаптарды аткарбагандарга чаралар көрүлүүдө. Оору менен күрөшүүдө кайдыгер карабай, айтылып жаткан бардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Бул сыяктуу профилактикалык иштер Чаткал РИИБи тарабынан да жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызмат адамдары менен милиция кызматкерлери аба-ырайынын катаал шартына карабастан айылдагы дүкөндөргө чейин барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ар бир жаран коронавирустан сактанып, жеке гигиеналык эрежелерди кармануу керектиги жеткирилүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-kara-kld-miliciya-koronaviruska-karshy-tshndr-ishterin-ulantuuda



Добавить комментарий