Чат-Көл айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
Чат-Көл айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 14-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айынын аягында “Максат” аттуу бала анын жашы жете элек кызын күчкө салып “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, зордуктаганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Жазык кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү баланын өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы К.М. болгону такталган. Шектүү жаран жашаган жерин бат алмаштырып, ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата Сокулук РИИБү тарабынан издөө жарыяланган.
Белгилей кетүүчү жагдай, зордуктоого шектүү жаран ошол эле айылда ээн эркин жүрөт деген маалымат чындыкка туура келбей турганын билдиребиз. Анын жүргөн жерин тактоо жана кармоо үчүн милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн.
Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан 16-июнь күнү анын жүргөн жери тууралуу ыкчам маалымат алынып, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 24 жаштагы К.М. 16-июндан 17-июнга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко
чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chat-kl-ajylynda-14-zhashtagy-kyzdy-zorduktoogo-shektelgen-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×