Айзаданы өлтүрүүгө шектүү үч ирет соттолуп, абакта олтуруп чыккан
26-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып барып, муунтуп өлтүрүүгө шектелип жаткан Замир Теңизбаев мурда үч ирет соттолуп, абакта олтуруп чыккан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Айзаданын өлүмүнө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиянын аймагында 3 ирет соттолгон.
"2008-жылы Орусиянын Киров райондук соту тарабынан "уурулук" беренесинин негизинде 3 айга эркинен ажыратылган.
2009-жылы 26-ноябрда Орусиянын Железнодорожный райондук соту "тоноо" беренеси боюнча 2 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. 2011-жылы 10-июнда эркиндикке чыккан.
2012-жылы 10-июлда Зеленоградск райондук соту тарабынан "каракчылык" жана "опузалоо" беренелеринин негизинде 5 жыл 6 айга камакка алынган. 2017-жылдын 29-июнунда жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, Кыргызстанга депортацияланган.
2020-жылдын 30-июнунан тарта Замирбек Теңизбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 5-апрель күнү Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишти деген видео интернетке тараган. Окуядан эки күн өткөндөн кийин, ала качып кетти деп изделип жаткан Айзада Канатбекованын жансыз денеси табылган. Кызды ала качып кеткен Замир Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, анан, өзүн бычак менен сайып өлтүргөнү кабарланган.
Бүгүн, 8-апрелде маркум Айзада Канатбекованын сөөгү өзү туулуп-өскөн Балыкчы шаарында жерге берилет.
Добавить комментарий ×