Былтыр өзгөчө кырдаалдан 19 адам каза болгон

29 января 2020 12:33 780 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 12 айында өлкө аймагында 31 өзгөчө кырдаал (2018-ж. – 99) катталып, андан 19 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, 3 955 өрт (2018-ж. – 4808) катталып, андан 50 адам (2018-ж. – 59) каза болгон, анын ичинен жетөө жаш балдар (2018-ж. – 10). Бул статистика 2018-жылга салыштырмалуу жакшырган.

Атап айтсак үгүт-насаат иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн натыйжасында өрттүн санын  17,7пайызга, адам өлүмүн  15,3 пайызга чейин кыскартууга жетишилген.
Ал эми Куткаруулардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 33,3% көбөйүп, республика боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 276 адам куткарылган (2018-ж. 184 адам).
Мындан сырткары куткаруучулар тарабынан 938 жаранга ар кандай жардамдар берилген.

Алдын алуу багытында 2019-жылдын 12 айында 340 объектиде жумуш жүрүп, 409 объект пайдаланууга берилип, натыйжасында 24 743 кожолук, 12 981 га айыл чарба аянттары, 3 700,5 га чарба үлүш жерлер корголду.

Ссылка: https://barometr.kg/byltyr-zgch-kyrdaaldan-19-adam-kaza-bolgon



Добавить комментарий