Быйылкы 1-класстарды мектепке окутуу тартиби белгилүү болду

19 августа 2020 14:34 700 Barometr
Поделиться в:
ok

Быйыл 1-класстарды мектепке окутуу тартиби жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Мария Кушубакованын берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Аталган департамен Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыгышкан. Ага ылайык, ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек. Эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл.

Мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу. Балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш. Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек. Ата-энелер балдарын өздөрү алып келип, алып кетиши шарт.

Аралыкты сактоо үчүн мектептерде кирип-чыккан эки эшик болушу зарыл. Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептер суу менен камсыздалып, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы да талап кылынат.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин 1-класстар мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган.

Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-1-klasstardyn-okuu-tartibi-belgil-boldu



Добавить комментарий